• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Террористтик уюмдарды каржылап, жасалма паспорт даярдап берген адам кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 11.11.22. /Кабар/. Эл аралык террористтик уюмдарды каржылоо жана жасалма документтерди берүү менен алектенген делип бир жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн атайын иш-чаралардын жыйынтыгында тыюу салынган “Ислам мамлекети” эл аралык террордук уюмунун жана “Жихад тобунун” (“Ислам жихады биримдиги”) мүчөлөрүнө акча каражаттарын которуу фактылары, ошондой эле 2016-жылдын август айында Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин аймагында болгон террордук актынын уюштуруучулары аныкталган.

Мындан тышкары, террористтик уюмдардын согушкерлерине жасалма паспортторду даярдоо үчүн Кыргызстандын жарандарынын жалпы паспорттору (уурдалган/жоголгон же күрөө менен калтырылган) Түркияга жиберилип турган.

Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында террористтик топтун активдүү мүчөсү Б.Э.А. аттуу Кыргызстандын жараны кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда террористтик ишмердүүлүккө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий