• 87
  • 90.41
  • 0.84

The Silk Road Cohesion Awards 2018 версиясы боюнча Димаш Кудайбергенов жылдын мыкты ырчысы аталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.12.18 /Кабар/. Димаш Кудайбергенов Шанхайдагы эл аралык The Silk Road Cohesion Awards 2018 кинофестивалында “Жылдын ырчысы” деп таанылды. Бул тууралуу “Казинформ” агенттиги жазып чыкты.

Д. Кудайбергенов “Жылдын ырчысы” наамын алганы тууралуу инстаграмдагы баракчасына жазган.

“The Silk Road Cohesion Awards 2018 сыйлоо аземинде майрам алында “Жылдын ырчысы” наамын алып, “Улуу Жибек Жолу” өлкөлөрүнүн чечими менен “Жибек жолу маданиятынын элчиси” болдум. Өтө кубанычтамын. Ар бир жеңишим Мекеним жана угармандарыма арналат”, - деп жазган ырчы.

Белгилей кетсек, Д. Кудайбергенов өзүнүн алгачкы эл аралык жеңишине 2013-жылдагы Ысык-Көлдө өткөн жаш аткаруучулардын “Мейкин Азия” биринчи эл аралык фестивалында жетишкен.

Пикир

Оставить комментарий