• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

АКШ Таластын китепканаларына 13 000 китеп тапшырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.09.17. /Кабар/. “Бул маанилүү, өтө зарыл заманбап салым”,-деди кыргыз аткаминерлеринин бири, деп жазат Каравансарай.

АКШ расмий түрдө Талас облусунун 8 коомдук китепканасына 13 560 балдар китебин тапшырды,-деп айтылат АКШнын Бишкектеги элчилигинин билдирүүсүндө.

Иш чара 15-сентябрда Талас шаарындагы облустук китепканада өткөн.

Элчиликтин убактылуу жана ишенимдүү өкүлү Алан Метрец 8 китепкананын ар бирине 1695 китептен тапшырган. Китептердин мазмунунда “жомоктор, окуялар, табышмактар жана поэзия” камтылган, деп билдиришти элчиликтен.

Иш чарага Маданият министрлигинин, Талас облусунун билим берүү департаментинин жана Таластын коомдук китепканаларынын өкүлдөрү катышкан.

USAID жалпысынан 86 кыргыз китепканаларына 145 506 китеп берүүнү пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий