Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) Нарын облусуна колдоо көрсөтүүсүн улантат. Мындай пикирин аталган агенттиктин Кыргызстандагы программалык координатору Мехмет Бодур президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу менен жолугушууда билдирди.
Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, жолугушууда учурдагы долбоорлор жана биргелешкен программалар боюнча келечектеги кызматташуу пландары талкууланды.
Жолугушууда Ш.Абдырайым уулу ТИКА менен болгон кызматташуунун маанисин белгилеп, агенттиктин Нарын облусунда маанилүү долбоорлорду ишке ашыруудагы колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Мехмет Бодур аймактарды өнүктүрүү боюнча жаңы демилгелерди колдоону улантышарын жана Нарын облусундагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча мүмкүнчүлүктөрү караларын айтты.
Буга чейин ТИКАнын катышуусунда Нарын аймагында төмөндөгүдөй бир катар долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылган:
1. 2019-жылы "ТИКА" Түрк кайрымдуулук фонду тарабынан Ат-Башы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун Ат-Башы айлындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына 6 млн сомго капиталдык ремонт иштери жүргүзүлгөн;
2. Ат-Башы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун Бирлик айылдык фельдшердик-акушердик пункту 2017-жылы курулган. Сметалык наркы 2,5 млн сом.
3. Нарын районунун Эмгек-Талаа айлындагы фельдшердик-акушердик пункту 2 млн 258 миң сомго 2017-жылы курулуп бүткөн.
4. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жана агенттиктин ортосундагы келишимдин негизинде Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин башкы корпусунда ТИКА агенттигинин колдоосунда Түрк тили жана маданияты борбору толук оңдоп-түзөөдөн өткөн. Заманбап жасалгаланып, НМУнун студенттери гана эмес, Нарын шаарынын Түрк тилин үйрөнөм деген ар бир каалоочусу үчүн жакшы шарттар түзүлгөн.
5. НМУ тарабынан агенттик менен кызматташуунун алкагында түрк мугалими Нарын шаарынын 150 дөн ашуун каалоочуларын бекер түрк тилине үйрөтүп, сертификат тапшырылган.
Пикир
Оставить комментарий