• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Тилек Текебаев Ноокен районунун жетекчилерин жоопкерчилик менен иштөөгө чакырды

Аймак 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Ноокен районундагы мекеме-ишканалардын жана айыл аймактардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Облус башчысы Ноокен районунда жыл башынан тарта укук бузуулардын алдын алуу, жол эрежелеринин сакталышы, өзгөчө кырдаалдарга каршы чаралар, салык жыйымдарынын аткарылышы, айыл чарбасы, саламаттыкты сактоо жана билим берүү жаатында аткарылган жумуштарды сурады.

Ошондой эле Тилек Текебаев бир катар багыттар боюнча иш ыргагы солгундугун сынга алып, тийиштүү кызматкерлерге эскертүүлөрдү берди.

Пикир

Оставить комментарий