• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Тилек Текебаев Жалал-Абад шаарындагы отканалардын абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Бүгүн президенттин өкүлү Тилек Текебаев Жалал-Абад шаарында жайгашкан бир катар отканалардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Мында облус башчысы жашоочуларды үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоо, жылуулук колдонуучуларга белгиленген температураны көрсөтүлгөн нормада сактоо, эскилиги жеткен отканаларды модернизациялоо менен эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, "Жалал-Абад жылуулук" муниципалдык ишканасына таандык жалпы 20 откана бар. Аларга жылуулук менен камсыздоо мезгилине карата 2932 тонна көмүр, 2810 тонна мазут керектелет. Ишкана шаардагы 22 бюджеттик, 9 административдик, 13 коммерциялык мекемени жана 2993 абонентти тейлеп келет.

Пикир

Оставить комментарий