• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто жазгы массалык чуркоо акциясы өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 14.04.18. /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде Ошто жазгы жалпы жеңил атлетика боюнча чуркоо болуп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери,жогорку, орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, саламаттыкты сактоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышууда.

Чуркоо эркектер жана аялдар арасында 14 түргө бөлүнүп, катышуучулар 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкка чуркашат.

Бул иш-чаранын максаты, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө болуп эсептелет.

Жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, ардак баракчалары жана баалуу белектери менен сыйланат.

Пикир

Оставить комментарий