• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ТИМ башчысы Казакстанга эмне үчүн элчи дайындалбай жаткандыгынын себебин айтты

Саясат 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Казакстанда КРнын эчиси эмне үчүн көптөн бери дайындалбай жаткандыгынын себебин түшүндүрдү.

“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө ал талапкерлерди кылдаттык менен тандап жаткандыктан бул маселе көпкө узап кеткенин айтты.

“Казакстан сыяктуу мамлекетке элчи даярдоо биз үчүн өтө маанилүү. Жакын арада биз элчини дайындоо процедурасын баштайбыз”, - деди ал.

ТИМ башчысы элчилердин ротациясы кадимки режимде өтүп жатканын билдирди.

Учурда Кайнарбек Токтомушев Кыргызстандын Казакстандагы иштеринде убактылуу ишенимдүү өкүл кызматын аркалоодо.

Пикир

Оставить комментарий