• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ТИМ башчысы: “Сапат” мектеби Кыргызстанда мыйзамдуу түрдө иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. “Сапат” мектеби Кыргызстанда мыйзамдын негизинде иштеп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйындын жүрүшүндө Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Ал “Сапат” – бул КР Билим берүү министрлигинин системасы экендигин баса белгиледи.

“Анда 11 миңден ашык кыргызстандык билим алат. Бул система Кыргызстандын мыйзамынын негизинде иштеп жатат. Билим берүү министрлиги окутуунун нормативдерин жана пландарын иштеп чыгууда”, - деди ал.

Абдылдаев кошумчалагандай, эгерде түрк тараптан кандайдыр бир маселе жарала турган болсо, анда Кыргызстан аны КР мыйзамынын жана эки тараптуу келишимдин негизинде кароого даяр.

Пикир

Оставить комментарий