Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров 2025-жылдын 17-январында Монголиянын биринчи президенти Пунсалмаагийн Очирбаттын дүйнөдөн кайтышына байланыштуу Монголиянын Кыргызстандагы элчилигинде ачылган көңүл айтуу китебине жазуу калтырды.
ТИМден билдиришкендей, Медер Абакиров Тышкы иштер министрлигинин жана жеке өзүнүн атынан Монголиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө көңүл айтып, туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу жана кайгыруу сөздөрдү жеткирди.
Пикир
Оставить комментарий