• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

ТИМ Ирак менен Сириядан кыргызстандыктардын балдарын алып келүү эмнеге кечиктирилип жатканын айтты

Коом 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Кыргызстандыктардын балдарын Ирак менен Сириядан алып келүү иштери ал жакта саясий абал турукташканда активидештирилет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев билдирди.

Ал белгилегендей, учурда балдарды алып келүү боюнча даярдык иштери көрүлүп жатат.

"Бул маселеде өзүнүн объективдүү жана субъективдүү себептери бар. Мындан улам, учурда ал иш-чараларды ишке ашырууга өтө албай жатабыз. Ал аталган өлкөлөрдөгү саясий абалга да байланыштуу болууда. Абал турушканда биз ишти активдештиребиз", - деди ал.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак айтылгандай, Ирактан 70 баланы кайтаруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий