• 87
  • 90.41
  • 0.84

ТИМ: Испаниядагы суу ташкынынан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Коом 0

Бишкек, 02.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Испаниянын Валенсия аймагындагы суу ташкынына байланыштуу абалды тыкыр көзөмөлгө алууну улантууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Акыркы маалыматтар боюнча, табигый кырсыктын кесепетинен 200дөн ашуун адам каза болгон.

Жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары аныкталган жок. Кыргызстандын Франциядагы элчилиги актуалдуу маалыматтарды өз убагында алуу үчүн Испаниянын бийликтери менен туруктуу байланышта.

Элчиликтин ыкчам байланыш телефону аркылуу Испанияда жүргөн кыргыз жарандары зарыл болгон учурларда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышат: +33 6 15 11 76 99, +33 1 71 60 37 04.

Пикир

Оставить комментарий