• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Чүйдө дайынсыз жоголгон эки адам изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Чүйдүн Ысык-Ата райондук милициясы дайынсыз жоголгон эки адамды издөөдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 42 жаштагы Олег Ильенко өткөн жылдын 14-декабрында Кант шаарынын 2-кичирайонундагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 172-177 см, орто дене түзүлүштө, чачы кыска жана кара, алдыңкы тиштери жок, төшүндө карышкырдын сүрөтү тартылган. Кызыл кофта жана спорттук шым кийип жүргөн.

Ошондой эле 42 жаштагы Мээрим Жаманкулова 15-октябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 15-160 см, арык чырай, чачы кара жана кыска.

“Кимде-ким жогоруда айтылган адамдар тууралуу маалыматы болсо 0708 10-81-10 же “102” кызматына кайрылууңуздарды суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий