• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Жол эрежесин так сактаңыз! Милициянын кайгуул кызматы жакында рейд өткөрөт

Коом 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы жакында Бишкек шаарында рейддик иш-чараларды өткөрөт.

Кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2021-жылдын башынан бери Бишкек шаарынын аймагында 1 071 жол кырсыгы катталып, андан 1 миң 370 жаран ар кандай жарааттарды алышкан. Бул көрсөткүч өткөн жылдын 5 айына салыштырмалуу 298 учурга көп.

"Мындай жол кырсыктарынын келип чыгуусу айдоочулардын айдоо маданиятынын жоктугу, жол эрежелеринин толук сактталбаганы себеп болууда. Ошондуктан Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы жакынкы күндөрү жол кырсыктарын алдын алуу, ага жол бербөө, коомдук тартипти сактоо жана айдоочулардын айдоо маданиятына көзөмөл жүргүзүү, ошол эле учурда мас абалында автоунаа башкарган айдоочуларга чара көрүү максатында рейд өткөрөт", - деп айтылат маалыматта.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга жол эрежени так сактап, айдоочунун жана автоунаанын керектүү документтерин ала жүрүүсүн эскертет.

Пикир

Оставить комментарий