• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Эндокринолог кант диабети менен ооругандар COVID-19га карата алсыз келерин дагы бир жолу эскертти

COVID - 19 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Кант диабети менен ооруган бейтаптардын COVID-19дан улам ооруканага жатуу коркунучу 3-4 эсеге жогору. Бул тууралуу брифингде Бишкек шаарынын башкы штаттан тышкаркы эндокринологу Назгуль Абылова билдирди.

Анын айтымында, статистикалык маалыматтарга ылайык, 2021-жылдын январына карата Кыргызстанда кант диабети менен ооруган 71 миң адам бар.

«Алар иммундук статусунун өзгөчөлүктөрүнөн жана вирустук чабуулга каршы иммундук реакциясынан улам коронавирустук инфекцияга алсыз болушат. Кант диабетинин 1-түрү жана 2-түрү менен ооруган бейтаптардын оорунун татаалдыгы жана жаңы коронавирустук инфекциянын жагымсыз натыйжаларынын эсебинен ооруканага жатуу коркунучу кант диабети менен оорубаган адамдардан 3-4 эсе жогору», - деди ал.

Ошондой эле Абылова кант диабети менен ооруган бейтаптардагы COVID-19 оорусунун оорлошунун жана өлүмүнүн эң олуттуу тобокелдик факторлору болуп диабеттик компенсациянын жетишсиздиги, 65 жаштан жогору жана семирүү экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий