• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

ТИМ кызматкеринин өлүмү. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору, башкы дарыгери иштен четтетилди

Коом 0

Бишкек, 03.04.21. /Кабар/. Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы адамдын өлүмү боюнча Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлдү.

Министрликтен билдиришкендей, кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө аталган борбордун директору, башкы дарыгери, кулак-мурун оорулары бөлүмүнүн башчысы жана медайым убактылуу кызматтан четтетилди. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында күнөлүүлөргө дисциплинардык чара көрүлөт.

Эскерте кетсек, буга чейин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Бахтияр Шакировдун өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жаткандыгын маалымдаган.

Милициянын маалыматы боюнча, 2021-жылдын 1-апрелинде саат 00:14төр чамасында “102” кызматына Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан 40 жаш курагында эркек киши каза болду деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөп кетишкен.

2021-жылдын 31-мартында саат 22:30дар чамасында 1982-жылы туулган Ш.Б. аттуу жаран аталган ооруканага өзүнүн дарылары менен тамчылатма дары жана ийне сайдыруу үчүн келгени аныкталган.

Медайымдар тамчылатма жана ийне сайгандан кийин ал өзүн жаман сезип, медайымдын биринчи жардамына карабастан, эс-учун жоготуп, ошол жерден көз жумган.

Аталган факт Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Мындан тышкары, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Ал эми Иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенаписова Консулдук кызмат департаментинин директору Бахтияр Шакиров кытайлык SinoPfarm вакцинасын алгандан кийин каза болду деген маалыматты четке какты.

Өз кезегинде Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун адистеринин маалыматына таянып маркумдун денесин сыртынан текшерүү учурунда эмдөөгө мүнөздүү болгон издер табылган жоктугун билдирди.

Акыркы эксперттик корутунду 14 күндүн ичинде даяр болору белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий