• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ТИМ: Оренбургдан Казакстан аркылуу транзит менен КР жарандарын чыгарып кетүү боюнча макулдашуу жетишилди

Коом 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Россиянын Оренбург облусунан Казакстан аркылуу транзит менен КР жарандарын чыгарып кетүү боюнча макулдашуу жетишилди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты..

"Чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруунун алкагында, Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясий мекемелеринин ортосунда Казакстандын аймагы аркылуу РФтин Оренбург облусунан КР жарандарын чыгарып кетүү үчүн кезектеги транзиттик коридор уюштуруп берүү макулдашуусу жетишилди", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын жарандарын Россиядан кайтаруу автобустар колоннасы менен бир нече этапта ишке ашырылат. Биздин жарандар менен автобустардын биринчи колоннасы 3-августта кечинде келери күтүлүүдө.

"Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россиядагы кыргыз жарандарын Россия-Казакстан мамлекеттик чек арасы көздөй расмий ачылганга чейин барбоого чакырат", - деп айтылат ТИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын чечимине ылайык, Россия-Казакстан мамлекеттик чек арасында мекендештердин кезектеги топтолушун болтурбоо максатында, Москвадан, Новосибирсктен жана Екатеринбургдан туруктуу негизде Россиядан Кыргызстанга учкан чартердик каттамдардын саны олуттуу түрдө көбөйтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий