• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

ТИМ Россиядагы мигранттардын укугун коргоо боюнча кырдаалга комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга чейин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан Россиянын аймагында жашаган Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо маселелери боюнча ведомство өз убагында жооп бербей жаткандыгы тууралуу маалыматка комментарий берди.

Ведомстводон маалымдашкандай, КР ТИМи жана чет өлкөлөрдөгү мекемелери Кыргызстандын көп жарандары жүргөн мамлекеттердеги коомдук-саясий кырдаалды үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турат. Россияда болгон кайгылуу окуяларды жана орус тараптын коопсуздукту камсыздоо боюнча кабыл алган кошумча чараларын эске алуу менен, Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдүн ичинен алгачкылардан болуп Россияга баруудан баш тартууну сунуштаган.

Россия Федерациясынын мамлекеттик чек арасындагы күчөтүлгөн көзөмөлдүн ушул жылдын жай жана күз айларында дагы деле улантылып жатканына байланыштуу, Тышкы иштер министрлиги дагы бир жолу Кыргызстандын жарандарына кырдаал өзгөргөнгө чейин убактылуу Россияга барбай турууну сунуштады.

"Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү КР жарандарын, анын ичинде эмгек мигранттарын жана Россияда соттолгон жарандарды Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык башка мамлекеттердин аймагында куралдуу кагылышууларга же аскердик аракеттерге катышуунун мыйзамсыз экендиги жана анын кылмыш жоопкерчилигине алып келери боюнча үзгүлтүксүз маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен биргеликте өз ыйгарым укуктарынын алкагында Россияда жана башка чет мамлекеттерде эркинен ажыратылган КР жарандарынын жазасын мындан ары мекенинде өтөөсү үчүн мекенине кайтаруу маселелеринде КР Башкы прокуратурасына тынымсыз көмөк көрсөтүп келерин белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий