• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

ТИМ: Стамбулда шайлоо тилкеси ачылды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-ноябрында жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунда №9035 шайлоо участогу ачылды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

КР мыйзамдарына ылайык, шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө жабылат.

Башкы консулдук жарандарды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырат.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дөн баштап өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий