• 87
  • 90.63
  • 0.79

ТИМ Түштүк Кореядагы кыргызстандыктарды сак болууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер инистрлиги Корея Республикасында аскердик абал жарыялангандыгына байланыштуу маалыматтык билдирүү таратты.

Ага ылайык, министрлик Кореянын аймагында жүргөн КР жарандарына тынчтыкты сактап, сак болууга жана өтө зарыл болбосо жашаган жеринен чыкпоону катуу сунуштайт.

"Өзүңүздүн коопсуздугуңуз үчүн жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн так аткарып, ар кандай коомдук иш-чараларга, өзгөчө саясий мүнөздөгү иш-чараларга катышуудан алыс болуңуз.

Тышкы иштер министрлиги кырдаалдын өнүгүшүнө кылдат көз салууда. Кыргызстандын Сеулдагы элчилиги Корея Республикасынын тиешелүү органдары менен дайыма байланышта.

Өзгөчө кырдаал болгон учурда дароо +82 10 9798 0951 телефон номери аркылуу элчиликке кайрылыңыз", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, күн мурун Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль өзүнүн телекайрылуусунда өлкөдө аскердик абал жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий