• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Өспүрүм балдарга өз идеологиясын үйрөткөн “Хизб ут-Тахрирдин” активдүү мүчөсү кармалды

Коом 0


Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Өспүрүм балдарга өз идеологиясын үйрөткөн “Хизб ут-Тахрирдин” активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6-декабрында УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүмүндө ("Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу") боюнча каралган кылмыштын негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, КР Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясынын санкциясынын негизинде, КР тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун (ДЭУ) активдүү мүчөлөрүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун иерархиясы боюнча "Масула" болуп саналган, “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун медиа канатынын активдүү кызматкери, 1997-жылы туулган КР “М.А.” аттуу жарандын жашаган жеринде “Хизб ут-Тахрир” ДЭУга тиешелүү көп сандагы диний адабияттар, конспекттер, электрондук китептер, 9 уюлдук телефондор табылып алынды.

“Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун башка мүчөсү, 1994-жылы туулган КР “Т.у.Б” аттуу жарандын жашаган жана иштеген жеринде 1 ноутбук, 4 флешка, теократиялык мамлекеттин ("Халифат") Конституциясынын долбоору жазылган “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун басмасынын 1 брошюрасы, 1 күндөлүк табылып, алынган.

“Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун жашыруун бөлүкчөсүнүн мүчөлөрү “М.А.” жашаган үйдө Арап тилинин грамматикасын үйрөтүү деген шылтоо менен “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун идеологиясы боюнча диний процесске дуушар кылуу максатында, жашы жете элек балдарга мыйзамсыз диний билим берүү уюштурушканы аныкталды. Иликтөө маалында батирде Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарынан 10 жаштан 17 жашка чейинки 7 өспүрүм балдар болгон, алардын көбү эмгек мигранттарынын балдары экендиги аныкталды.

“Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун идеологиясын окутуу мобилдик тиркемелерди жана смартфондорду колдонуу менен жүргүзүлгөн. “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун “Ислам мамлекети”, “Ислам системасы”, “Партиянын биримдиги”, “Исламдагы башкаруу системасы”, “Ислам дининин түзүлүшү”, “Хизб ут-Тахрирдин концепциясы”, “Исламдагы экономикалык түзүм”, “Исламдагы коомдук түзүм”, “Исламдык нафсия негиздери” деген аталыштар менен электрондук китептери жаш балдардын уюлдук аппараттарында таркатылган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен “М.А.” КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, жашы жете элек балдар ыйгарым укуктуу камкордук жана көзөмөлчүлүк органынын өкүлдөрүнүн катышуусунда текшерүү иш-чараларынан кийин мыйзамдуу өкүлдөрүнө жана жакын туугандарына өткөрүлүп берилди.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий