ТИМ ЖМК жана чет элдик дипөкүлчүлүктөрдү жалган маалыматтарды таратпоого чакырат

Саясат 0

Бишкек,18.05.24. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү Бишкекте түндө орун алган окуя боюнча жалган жана текшерилбеген маалыматтарды таратпоого чакырат.

Ведомстводон белгилешкендей, жабыркаган чет элдик жарандар боюнча Тышкы иштер министрлигине эч кандай билдирүү түшкөн эмес.

Окуяга катышкандардын арасында оор жаракат алгандар жок. 15тей жаран медициналык мекемелерге текшерүүдөн өтүү үчүн кайрылган

"Окуя тууралуу маалымат түшкөн учурдан тартып Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан окуяга катышкан адамдарды, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды жана кыргыз жарандарын кармоо боюнча ыкчам чаралар көрүлгөн. Кырдаал толугу менен күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө болуп, жарандардын коопсуздугу жана коомдук тартип камсыз кылынган", - деп айтылат маалыматта.

.

Ошону менен бирге, Министрлик

Пикир

Оставить комментарий