• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ТИМде жана анын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде аза күтүү күнүнө карата желектер түшүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. КР президентинин 1-2-май аза күтүү күнү деп жарыялаганына байланыштуу Тышкы иштер министрлигинде жана анын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде желектер түшүрүлдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында курман болгон жарандарды эскерүү үчүн 2021-жылдын 1-2-майын Кыргыз Республикасынын улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө КР Президенти С.Н.Жапаровдун жарлыгына ылайык, КР Тышкы иштер министрлигинде жана КР бардык чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желектери түшүрүлдү жана көңүл айтуу китепчелери ачылды.

“Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын жамааты кагылышуудан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат”,-деп айтылат маалыматта. .

Пикир

Оставить комментарий