• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Өткөн жылы өлкөдө миң чакырым жол салынды

Коом 0

Бишкек, 20.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. 2024-жылы өлкөдө миң чакырым жол салынды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жолдору башкармалыгынын башкы адиси Алымбек Турдалиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы 17 көпүрө курулуп, 5 миң 125 жол белгилерин алмаштыруу жана орнотуу иштери аткарылган.

“Былтыр өлкөдө алгылыктуу иштер жасалды. 2024-жылы аталган министрлик 800 чакырым асфальт төшөдү, техникалык базаны толуктап, 453 атайын техника сатып алды. 1 миң 705 чакрымы жолго жол чийиндери чийилген. Буюрса 2025-жылы бул иштер уланат”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий