Бишкек, 17.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. 2024-жылы өлкөдө мыйзамсыз аңчылык кылган 285 факт аныкталып, 4,5 млн сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын башкы адиси Дерсуу Акпаралыев радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Ал билдиргендей, анын ичинен 228 факт жаныбарларга жасалган мыйзамсыз аңчылык болсо, ал эми калган 57 факт мыйзамсыз терилген өсүмдүктөр боюнча.
“Мыйзамсыз аңчылык кылган фактылар боюнча жарандарыбызга тиешелүү акт-протоколдор түзүлдү. Бүгүнкү күндө катталган мыйзам бузуу фактылары боюнча Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тийиштүү иштерди жүргүзүп жаткан убагы. Ошондой эле натыйжалуу иш-чаралардын аркасында жогоруда айтылган сумма өндүрүлүп, толугу менен мамлекеттик бюджетке которулду. Баса белгилеп айта кетүүчү нерсе, бул жыйынтыктарга Ысык-Көл кошулбайт. Ысык- Көлдө өзүнүн жеке экологиялык көзөмөл кызматы бар. Алардын аныктаган мыйзам бузуу фактылары тийиштүү отчет менен өзүнчө берилет”,-деди ал.
Анын айтымында, броконьерлерди аныктоодо министрлик тарабынан бир нече ыкмалар колдонулат.
“Биздин министрликтин кызматкелери браконьерлерди антыктоодо үзгүлтүксүз рейддик иш-чараларды жүргүзүп турушат. Эң эле негизги ыкмалардын бир бул дрондор менен аныктоо. Мындан сырткары, учурда тепловизорлордун көмөгү бизге аябай жакшы тийип жатат. Тепловизор менен кайсыл жерде кайсыл жаныбар жүргөнүн, ошондой эле кайсы жаныбар мыйзамсыз атылганын табуу аябай оңой. Бул ыкмалар бизге броконьерлерге карата иш козгоодо жакшы далил болуп берүүдө”,-деди ал.
Пикир
Оставить комментарий