Бишкек, 02.01.25. /Акназик Тургунбаева- Кабар/. Кыргызстанда "Түндүк" тиркемеси аркылуу 171 кызмат жеткиликтүү болуп, 33 жаңы санариптик онлайн-кызматтар ишке киргизилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы "Түндүк" системасы аркылуу 1 миллиарддан ашык транзакция жүргүзүлгөн.
“Жарандар Мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталы аркылуу 2024-жылы эле 16 млн кызмат алышты. Бул мамлекетке жана жарандарга 17,6 млн саат жана 1,3 млрд сом үнөмдөөгө мүмкүндүк берди”,-деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий