Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Жаңы жылдын алдында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Бишкек мэриясы менен биргеликте айыл чарба жарманкесин өткөрөт.
Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жарманке эртең, 26-декабрда Бишкектеги Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде болот. Жарманке саат 10:00дө ачылат.
Иш-чарага 75 компания катышат, жарандарды колдоо максатында дыйкандар айыл чарба продукциясын дүң баада сатышат.
Төмөнкү азык-түлүктөрдү арзан баада сатып алууга болот:
- Эт азыктары
- Суу майы
- Жумуртка
- Балык
- Сүт азыктары
- Колбаса
- Жашылча жер-жемиштер
- Мөмө-жемиштер
- Кургатылган жемиштер
- Суусундуктар ж.б.
Пикир
Оставить комментарий