• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аймактардан келген сунуштардын көбү сот системасына байланыштуу - Конституциялык кеңешменин мүчөсү

Коом 0

Бишкек, 03.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Аймактардан келген сунуштардын көбү сот системасына байланыштуу. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин мүчөсү Алмаз Кадыралиев билдирди.

Анын айтымында, түшкөн сунуштардын ар бири эске алынууда.

"Айылдан, аймактардан сунуштар келип жатат. Алардын көпчүлүгүнүн көйгөйү – сот системасы. Анткени сот системасы адамдын жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Сотту кантип көз карандысыз кылабыз, кантип кесипкөй, адилеттүү адамдарды алып келсе болот? Ушул суроолордун үстүнөн иштеп жатабыз. Адвокат, соттон жабыр тарткан адамдардын сөздөрү угулуп жатат", - дейт ал.

Конституциялык кеңешменин "Бийлик органдары" секциясынын жетекчиси Болот Токтобаев белгилегендей, учурда соттун чечимине нааразы болгон жарандар көп болуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий