• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жамин Акималиев: Бийлик менен элдин ортосунда чоң ажырым бар — Элдик курултай көпүрө болушу мүмкүн

Коом 0

Ушул жылдар аралыгында Кыргызстанда расмий бийлик менен элдин ортосунда эбегейсиз чоң ажырым пайда болуп, ал көпчүлүктүн нааразычылыгына себеп болууда. Мындан улам сунушталып жаткан Элдик курултай бийлик менен элдин ортосунда эффективдүү механизм болушу мүмкүн. Мындай пикирин "Кабар" агенттигине академик Жамин Акималиев билдирди.

Академиктин айтуусуна караганда, алдыда эч кандай карама-каршылыктар болбошу үчүн Конституцияда Элдик курултайдын мүмкүнчүлүктөрүн так аныктап алуу керек.

"Азыркы учурда курултайдын ар кандай вариантын сунуштап жатышат. Курултай көзөмөлдөөчү орган болуп, президент жана парламенттен отчет алышы керек деген пикирлер бар. Бирок Элдик курултай координациялоочу орган боло албайт. Сунуштоочу жана консултациялык мүнөз ылайыктуу келет. Бакиевдин тушунда курултай бар болчу. Бирок ал өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөтө алган жок жана ал бийликке "ыктаган" адамдарды тандап алган. Андай көрүнүш бул ирет да кайталанбашы керек. Ага байланыштуу Элдик курултайдын курамы жалаң гана элдин арасынан тандалып алынуусу керек", - дейт ал.

Сөзүнүн аягында Жамин Акималиев Элдик курултай сунуш берүүчү орган катары өз функцияларын так аткарса, элдин кызыкчылыгын коргогон таасирдүү рычаг боло алат дейт.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий