• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

ТМУ саламаттык сактоо тармагында бирдиктүү маалыматтык система түзөт

Коом 0

Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. Бүгүн Азербайжандын Шуша шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө-өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 4-жыйыны өтүүдө.

КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, анын алкагында "TÜRKTRANSPLANT" Бирдиктүү маалымат системасын түзүү ниети жөнүндө Протоколго кол коюлду.

Протоколго Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Түркиянын саламаттык сактоо министрлери кол коюшту.

Протоколдун максаты - ТМУга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда донор болуу жана органдарды трансплантациялоо процесстерин координациялоочу Бирдиктүү маалымат системасын түзүү.

"TÜRKTRANSPLANT" системасы донорлор жана реципиенттер жөнүндө маалымат алмашууну камсыздайт, органдарды трансплантациялоону уюштурууну жөнөкөйлөтөт жана катышуучу өлкөлөргө донордук жана трансплантацияга байланышкан маселелерди биргелешип чечүүгө мүмкүндүк берет.

Протокол ошондой эле диагностикалык ыкмаларды стандартташтыруу, трансплантациялоо борборлорун түзүү жана операцияларды жасоо, ошондой эле медициналык адистердин квалификациясын жогорулатууга багытталган биргелешкен окутууну карайт. Негизги максаттарга ТМУ өлкөлөрүндө органдарды трансплантациялоо боюнча бирдиктүү мыйзамдарды иштеп чыгуу жана өз ара кызматташуунун негизинде катышуучу-өлкөлөр үчүн жеткиликтүү донордук органдардын пулун түзүү кирет.

"TÜRKTRANSPLANT" системасын түзүү трансплантация тармагындагы координацияны гана чыңдабастан, ошондой эле бейтаптар үчүн донордук органдардын санын бир топ көбөйтөт. Бул медициналык тейлөөнү өнүктүрүүдө жана түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди чыңдоодо маанилүү кадам болот.

Белгиленгендей, бардык иш-чаралар Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мыйзамдарына ылайык өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий