• 87
  • 90.59
  • 0.86

ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев "Туризм лидери-2024" сыйлыгына татыды

Коом 0

Бишкек, 28.12.24. /Кабар/. 2024-жылы декабрда Брюсселде өткөн Глобалдык туристтик форумдун жылдык жыйынында Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиевге абройлуу "Туризм лидери-2024" сыйлыгы ыйгарылды.

Уюштуруучулардын айтымында, бул сыйлык дүйнөлүк туризмдин өнүгүшүнө зор салым кошкон инсандарга Бүткүл дүйнөлүк туристтик форум институту тарабынан ыйгарылат.

Буга чейин сыйлык алгандардын арасында Индонезиянын президенти Жоко Видодо жана Еврокомиссиянын мурдагы төрагасы Жозе Мануэл Баррозу сыяктуу дүйнөлүк лидерлер бар.

Бүткүл дүйнөлүк туристтик форум институту белгилегендей, элчи К.Өмүралиевдин туризмди экономикалык өсүштүн жана маданий түшүнүүнүн куралы катары өнүктүрүүгө арнагандыгы институттун туризм аркылуу экономиканы трансформациялоо миссиясы менен дал келет. Анын аракети түрк мамлекеттеринин дүйнөлүк туристтик ландшафттагы ролун гана жогорулатпастан, алардын ортосундагы биримдикти жана кызматташтыкты чыңдоого жардам берди.

Анын жетекчилиги ТМУ бир катар маанилүү маданий жана туристтик долбоорлорду, анын ичинде 2023-жылдын октябрында Азербайжандын Шуша шаарында өткөн Түрк дүйнөсүнүн Биринчи маданий форумун демилгелеген. Бул иш-чара түрк элдеринин ортосундагы бир туугандык байланыштарды чыңдоодо маданий алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий