• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Тоңдо чагылган тийип 60 баш кой өлдү

Аймак 0


Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. Тоңдо чагылган тийип 60 баш кой өлдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 15-августта саат 17:30дар чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кичи-Анги жайлоосунда күн күркүрөп, чагылган түшүп болжол менен 60 баш койго чагылган тийген.

"Жерине техника бара албайт. Бүгүн, 16-августта Жарандык коргоо комиссиясы ат менен барат. Кошумча маалымат берилет", - деп белгилешти өкүлчүлүктөн.

Пикир

Оставить комментарий