• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Тоңдо чагылган тийип өлгөн койлор талапка ылайык көмүлдү

Аймак 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жазы-Кечүү жайлоосунда чагылган тийип өлгөн койлор көмүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, күн мурун чагылгандын кесепетинен 149 баш кой, 71 баш козу жана 7 эчки, жалпысынан 227 баш мал чыгым болгондугу такталган. Алар ветеринардык-санитардык эрежеге ылайык көмүлдү.

Бактыга жараша чагылгандын кесепетинен адам өмүрүнө кооптуулук жаралган эмес.

Пикир

Оставить комментарий