• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында тамак-аш коопсуздугу боюнча рейд өттү

Аймак 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы базарларда тамак-аш жана эт саткан жайлар текшерүүгө алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калаа мэриясы санэпидкызматы менен биргеликте рейд жүргүздү.

Рейд учурунда айрым тамак-аш жана эт саткан жайларда санитардык эрежелер сакталбагандыгы белгилүү болду. Ачык абалда соода жүргүзгөндөргө эскертүү берилип, кырдаалды эске алуу менен санитардык талаптар так сакталышы түшүндүрүлдү.

Мындан ары эскертүүгө карабай эрежелерди сактабагандарга айыппулдар салынат.

Пикир

Оставить комментарий