Тоңдо куткаруучулар селге кабылган россиялык туристтерге жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Тоңдо куткаруучулар селге кабылган россиялык туристтерге жардам көрсөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-июлда түнкү саат 23:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Тоң районундагы Мамбетов айыл аймагына караштуу Ак-Сай тилкесинде сел жүргөн.

Көлгө түшүп эс алып, жээкте чатыр менен түнөккө калышкан россиялык 11 турист селге кабылган. Сел алардын кийим-кечелерин, буюмдарын агызып кеткен.

Туристтерге ӨКМдин Тоң району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн куткаруучулардын ыкчам тобу жардам жардамга барып, аларды сел жүргөн аймактан аман-эсен алып келип,Бөкөнбаев айылындагы жатаканалардын бирине жайгаштырышкан. Эс алуучулардын арасында жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий