Тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 16.06.24. /Кабар/. Бишкек шаарында тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 8-15-июнь күндөрү орун алып, ага республиканын бардык аймактарынан келген 100 ашык спортчу катышты.

Тогуз коргоол оюнун “стандарт” түрүнөн жеңишке жетишкен спортчулар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышса, “рапид” түрүндө жеңүүчүлөр Дүйнө чемпионатына катышканга мүмкүнчүлүк алат.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Эркектер арасында (стандарт):

1-орун Сыртан Сыргак уулу;
2-орун Анарбек Джамакеев;
3-орун Марлис Дуулатбеков;
3-орун Кубан Сазаев.

Кыз-келиндер арасында (стандарт):

1-орун Азиза Жамансартова;
2-орун Айзада Бактыбекова;
3-орун Гүлайым Сагыналиева;
3-орун Алтынай Шамбетова.

Эркектер арасында (рапид):

1-орун Белек Абдрашитов;
2-орун Анарбек Джамкеев;
3-орун Сырттан Сыргак уулу;
3-орун Кубанычбек Ибрагимов.

Кыз-келиндер арасында (рапид);

1-орун Гүлжамал Сарыкеева;
2-орун Айтурган Максат кызы;
3-орун Азиза Жамансартова;
3-орун Айзада Бактыбекова;

Эркектер арасында (блиц):

1-орун Сырттан Сыргак уулу;
2-орун Марлис Дуулатбеков;
3-орун Анарбек Джамакеев;
3-орун Муратали Исмоилов.

Кыз-келиндер арасында (блиц):

1-орун Алтынай Шамбетова;
2-орун Мадина Бакытбек кызы;
3-орун Адина Бакытбек кызы;
3-орун Эркежан Асанкулова;

Эркектер арасында командалык эсеп:

1-орун Бишкек шаары;
2-орун Ысык-Көл облусу;
3-орун Ош шаары;
3-орун Нарын облусу.

Кыз-келиндер арасында командалык эсеп:

1-орун Бишкек шаары;
2-орун Жалал-Абад облусу;
3-орун Ош шаары;
3-орун Чүй облусу.

Пикир

Оставить комментарий