• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Тогуз-Торо районунда “Куттуу эл” улуттук форуму болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда “Алтын чөйчөк Тогуз-Торо” аталышындагы “Куттуу эл” улуттук форуму болуп өттү.

Иш-чара Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун демилгеси менен уюштурулган.

Форумдун алкагында улуттук баалуулуктарды даңазалоодон сырткары, Саймалуу-Таш ачык асман алдындагы тарыхый этнографиялык музейди чагылдырган кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрү уюштурулуп, өнөр адамдарынын таланттары тартууланды.

Буга чейин “Куттуу эл” форуму Ош шаарында, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жана Балыкчы шаарында өттү

Белгилей кетсек, форум президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы болгон “Манас” эпосунун үчилтигин ар тараптуу изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле 2021-жылдын 24-июлундагы жарлыгы менен “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбия концепциясын” бардык аспектилерге жайылтуу максатында, 2022-жылдан тартып өлкөнүн бардык аймактарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий