Токио-2020: Айсулуу Тыныбекова чейрек финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында алгачкы беттешин жеңип, чейрек финалга чыкты.

Тыныбекова 62 кг салмактагылар арасында күч сынашып, алгачкы атаандашы латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде утуп алды. Эми Тыныбекова чейрек финалда венгриялык Марианна Систен менен кармашат.

Пикир

Оставить комментарий