Токио 2020: Жоламан Шаршенбеков жарым финалга өтпөй калды

Спорт 0

Бишкек, 01.08.21. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Токиодогу Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышты.

Ал 60 кг салмак категорияда казакстандык Мейрамбек Айнагулов менен күч сынашып, аны 1/8 финалда 8:0 эсебинде жеңип алды.

Чейрек финалда Шаршенбеков молдовалык Виктор Чебану менен кармашып, ага 0:9 эсебинде утулуп калды.

Эгер молдовалык балбан финалга чыкса, Шаршенбеков коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Пикир

Оставить комментарий