• 84.4
  • 93.45
  • 0.89

Токиодо кыргыз-япон кызматташтыгынын келечектүү багыттары талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Токио шаарында Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев Япониянын Соода-өнөр жай палатасынын (JCCI) аткаруучу директору Казуо Нишитани менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, элчи Осоев Япония Кыргызстан үчүн маанилүү өнөктөш экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттары, ошондой эле өлкөнүн энергетика, тоо-кен, айыл чарба, транспорт, логистика, соода жана IT тармактары, ошондой эле япон инвесторлору үчүн Кыргызстандагы мүмкүнчүлүктөр жана жеңилдетилген шарттар тууралуу кеңири маалымат берди.

Мындан тышкары, элчи Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү жана эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда түз кызматташтыкты түзүү максатында палатаоар ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда тажрыйба жана маалымат алмашуу үчүн аянтча түзүү зарылдыгы белгиленди.

Жалпысынан тараптар кыргыз-япон кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде сооданы өнүктүрүүнүн келечегин, инвестициялык климатты жана япон компанияларынын кыргыз рыногундагы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо менен бирге, эки өлкөнүн кичи жана орто бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү маселесин көтөрүштү.

Маалымат үчүн: Япониянын Соода-өнөр жай палатасы 515 шаардык соода-өнөр жай палаталарын, 1 млн 250 миңден ашык чакан жана орто ишкерлерди жана ишканаларды бириктирет, ошондой эле башка өлкөлөр менен соода, айыл чарба, технология, туризм, инвестиция ж.б. тармактарда кызматташат.

Пикир

Оставить комментарий