• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Токмокто «Адептүү жана маданияттуу коом – мамлекеттин бүтүндүгү жана элдин биримдиги» форуму өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 15-март /Кабар/. Токмок шаарындагы “Хан-Ордо” комплексинде “Ыймандуу жана маданияттуу коом - мамлекеттин бүтүндүгү жана элдин биримдиги” форуму өтүп жатат. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, аталган мамагенттик бул форумду эл ынтымагын жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүп жатат.

Форумга КР Президентинин Аппаратынын этникалык, диний саясат жана жарандык коом менен карым-катыш бөлүмүнүн башчысы, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү, КРнын Мамлекеттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер агенттигинин жетекчилиги, Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү, Токмок шаарынын мэри, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын Чүй облустук бөлүмүнүн “Достук үйү” коомдук бирикмелеринин жетекчилери, Бишкек жана Токмок шаарларынын ЖОЖдорунун ректорлору, студент жаштар, жарандык жана этникалык коомдун лидерлери, Чүй облустук дин кызматкерлери ж.б. катышты.

Пикир

Оставить комментарий