Бишкек, 24.11.24. /Кабар/. Токмок шаарында бүгүн саат 11:51 чамасында каттуу шамал катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, катуу шамалдын ылдамдыгы секундасына 20-26 метрге чейин жетип, натыйжада Чүй көчөсүндө жайгашкан А.Осмонов атындагы орто мектептин 240 чарчы метр темир тунике менен жабылган чатырын учуруп кеткен.
Жерине шаардык жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, келтирилген зыянды аныктоо боюнча иштер аткарылды.
Пикир
Оставить комментарий