• 87
  • 90.41
  • 0.84

Токмокто мекен коргоочулар парашют менен секирип, машыгуудан өттү

Коом 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Күн мурун, 15-февралда Токмок шаарында жайгашкан Коргоо министрлигинин 52806 аскер бөлүгүнүн аймагында атайын багыттагы аскерлердин өздүк курамы Ан-26 учагынан парашют менен секирүү боюнча окуу-машыгуудан өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, секирүү алдында өздүк курам жерде даярдыктардан өтүп, парашюттун материалдык бөлүгү жана жалпы түзүлүшүн билүү боюнча зачет тапшырып, коопсуздук чаралары жеткирилди.

Ведомстводон белгилешкендей, бекитилген нормативдерди ийгиликтүү тапшырган гана аскер кызматчылар учууга ураксат алышты.

Секирүүлөрдүн максаты – атайын багыттагы бөлүкчөлөрүнүн аскер кызматчыларды аба каражаттарынан десанттоону өркүндөтүү, өздүк курамды душмандын ооругуна десанттоого дардыгын камсыздоо жана коюлган тапшырмаларды сапаттуу аткаруу болуп саналат.

Эскерте кетсек, мындан мурун атайын багыттагы бөлүкчөлөр Ми-8МТВ тик учагынан парашют менен секирүүнү аткарышкан.

Пикир

Оставить комментарий