• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда биринчи жолу I Азия-Тынч океан сурдочемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 1-12-март аралыгында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу I Азия-Тынч океан сурдочемпионаты өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев билдирди.

Анын айтымында, чемпионат Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында спорттун таэквондо, дзюдо, грек-рим жана эркин күрөш түрлөрү боюнча угуусу жана сүйлөө жөндөмү начар спортчулар арасында өтөт.

"Азыркы учурда чемпионатка даярдыктар кызуу жүрүүдө. Биринчиликке 12 өлкөдөн келген 300дөн ашык спортчулар кытышып, эң күчтүүлөрү аныкталмакчы. Ал эми Кыргызстандын атынан 33 спортчу катышат. Алардын арасында Сурдлимпиада жана дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Азамат Мавлонов (күмүш медаль ээси), Каналбек уулу Илгиз (эки жолку коло медаль) Алмаз Исаков (күмүш медаль ээси) бар", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий