• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Токмоктогу психоневрологиялык мекеменин жетекчилигине кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Токмок шаарынын №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин жетекчилигине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Токмок шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Токмок шаарындагы №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин кызматкерлери өздөрүнүн камкордугуна алган – сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдарга эмгек терапиясын көрсөтүү шылтоосу менен майыптыгы бар 4 кызмат алуучуну мекеменин кызматкерлеринин штатына техникалык тейлөөчү персонал катары кызматка дайындашып, мыйзамсыз чегерүү менен алардын эмгек акысын дайыма өздөрүнө ыйгарып алып турушкандыгы аныкталган.

Мындан тышкары, аталган мекеменин жетекчилиги мыйзам талаптарын бузуу менен бюджеттик каражаттарды үнөмдөбөй, 2022-жылдын ноябрынан 2024-жылдын июнуна чейинки мезгил аралыгында ай сайын бюджеттик каражаттардан айрым жетекчиликке жакын 16 гана кызматкерлерге 22 миң 500 сомдон 33 миң 750 сомго чейинки жалпы суммасы 13 млн 865 миң 566 сом өлчөмүндө акчалай мыйзамсыз сый акы төлөнүп берилип, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси ("Өзгөчө ири өлчөмдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий