• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Токмоктогу жүндү кайра иштетүүчү ишкананын кубаттуулугу күчтөндүрүлөт

Экономика 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Токмок шаарында РАФА и К "Токмок — ПОШ" жүндү кайра иштетүү ишканасын кеңейтүү, анын ишин жандандыруу боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйындын жүрүшүндө министр Бакыт Төрөбаев айыл жергесинде ыргытылып жаткан тери-жүндүн баалуулугун арттыруу аркылуу мал кармаган жарандарыбыздын кирешесин көтөрүү, аны чийки зат катары сатпоо, ар бир райондо жүндү кайра иштеткен чакан өнөр жай ишканаларын куруу, чет мамлекеттерге экспорттоо маселелерине өзгөчө маани берилип жаткандыгын белгиледи.

Ишкана Токмок шаарынын өндүрүш аймагында 9 гектар жер аянтын ээлейт. Технологиялык жабдуулары жана инженердик тармактары толук оңдоп-түзөөдөн өткөн. Өзүнө тиешелүү буу казаны жана лабораториясы бар.

Фабриканын кубаттуулугу күнүнө 8 тонна жуулган жүн, ошондо жылына 2 миң тонна. Жалпысынан жука меринос, аппараттык жүн, калың жана жарым калың жүндү кайра иштеп чыгарат. Көбүнчө "Вива Текс" компаниясына жана жакынкы чет өлкөлөрдөгү жеке ишкерлерге чийки зат менен иштөө кызматын көрсөтүп келет.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнө ишкана толук кубаттуулукта иштөөсү үчүн башка өндүрүш субъектери менен келишимдерди түзүүгө көмөктөшүү, рыноктун талаптарына жооп бере турган продукцияларды чыгаруу, өндүрүштүн үзгүлтүксүз процессин камсыз кылуу менен ишкананы жандандыруу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий