• 87
  • 91.29
  • 0.84

Токтогул ГЭСиндеги постто катардагы жоокер жанындагы шеригин атып алган. Териштирүү жүрүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Кара-Көл шаарындагы 7706 аскер бөлүгүнүн №1 кароолунда (Токтогул ГЭСи) турган катардагы жоокер жанындагы шеригин атып алган. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя 20-ноябрда таңкы саат 05:50дө катталган.

"21 жаштагы жоокер У.Б. жанындагы жоокерди атып алган. Алган жараатынан улам 20 жаштагы жоокер С.Т. жеринде каза болду", - деп айтылат маалыматта.

Кырсыктан кийин У.Б. аттуу жоокер бекитилген куралы менен кароол жайын таштап, белгисиз жакка качып кеткен.

Учурда жоокерди издөө жана тиешелүү орган кызматкерлери тарабынан окуянын чоо-жайын териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий