• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Караколдо көчөдөн 31 жаштагы жарандын сөөгү табылган, кылмышка шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Каракол шаарында шеригин бычактаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-ноябрда Каракол шаардык милициянын нөөмөт бөлүмүнө "102" кыска номуруна103 тез жардам кызматынан билдирүү келип түшкөн, билдирүүдө Каракол шаарынын даректеринин биринде белгисиз адам бычакталып өлтүрүлгөнү жөнүндө билдирилген.

Аталаган маалымат каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келип, белгисиз азият улутундагы жашы болжол менен 30-35 жаштагы эркек адамдын сөөгүн табышкан. Териштирүү учурунда маркум Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылынын 31-жаштагы Б.Т. аттуу тургуну экени аныкталган.

Кылмыш иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Каракол ШИИБнин ыкчам-иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып шектүү колго түшүрүлгөн. Ал, Каракол шаарынын 1988-жылы туулган Н.Р. аттуу тургуну болуп чыккан.

Алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий