• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

УКМК: Жасалма кызматтык бланк, документтерди даярдоо каналына бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын жасалма кызматтык бланк, документтерин даярдоо каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК кызматкерлери тарабынан жасалма кызматтык бланктарын жана документтерин даярдоо жана сатуу каналына бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Т.В.аттуу казак жараны аныкталды.

Белгиленгендей, жогоруда аталган казак жаранынын Бишкек шаарында жайгашкан жашаган жана иштеген жеринен жеке нотариалдык конторанын жасалма мөөрлөрү, Кыргызстандын туулгандыгы жана ажырашуу тууралуу күбөлүктөрү, Ички иштер жана Саламаттык сактоо министрликтеринин расмий бланктары, И.Ахунбаев атындагы КММАнын дипломунун тиркемеси, ЖОЖдун зачеттук китептери, чет өлкөлүк жарандардын өздүгүн тастыктаган документтери табылып алынды.

КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, кармалган К.Т.В. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий