Токтогул районунда чакан ГЭС куруу иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Кара-Суу участкасында чакан ГЭС куруу иштери башталды. Азыркы учурда котлаваны казылып, бетондоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Кайнама ГЭС» ЖЧК тарабынан чакан ГЭС куруу иштери башталууда, ал үчүн 2,795 гектар жер бөлүнгөн.

«Буга чейин «Кайнама» чакан ГЭСинин долбоору жасалган. 2022-жылы жолу жасалып, суунун жээгине чейинки курулуш иштери бүткөрүлгөн. Андан сырткары жогорку чыңалуудагы линиянын долбоору жасалууда», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий